Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Кызылкыядагы кырсыктан бир адам каза болду


БИШКЕК. 20-ноябрь күнү кечке жуук Кызылкыя шаарындагы ЛКСМ атындагы эски шахтаны бузуу убагында үч кабаттуу имарат урап кетип, анын урандысынын алдында калган эки адамдын бири каза тапты. Карасуу районунун Отузадыр айылынын 25 жаштагы тургуну Райымберди Жумабековдун сөөгү 21-ноябрда табылды. Ал эми 21 жаштагы экинчи жумушчу Толкун Жолдошев оор абалда шаардык ооруканага жаткырылды. Мындай маалыматты бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Басма сөз кызматынын дагы бир маалыматы боюнча Ысыккөл облусунун Жетөгүз районундагы Дархан айылынын Ысыккөлдө сүзүп жүрүп жоголгон үч тургунун издөө жүрүп жатат. Алар 11-ноябрь күнү кечинде Ысыккөлдө кайык менен сүзүп жүргөн жеринен дайынсыз жок болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG