Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛООНУ КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯСАТЧЫЛАР КАНДАЙ БААЛАШТЫ?


Украинада өткөн президенттик шайлоо кыргызстандыктарды да кайдигер калтырган жок. Постсоветтик Украинадагы саясий окуянын алгачкы тыянактарына айрыкча саясатчылар кызуу байкоо жүргүзүшүүдө. Мындай ынтааны алар Кыргызстанда күтүлүп жаткан президенттик шайлоо менен да байланыштырат.

Украинанын Бишкектеги элчилигинин тараткан маалыматына караганда Кыргызстандагы 200 чамалаш украиналыктардын 42% добуш берди. Элчиликте өткөн чакан добуш берүү коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буралбаганы менен, Украинадагы саясий окуяга саясатчылар өзгөчө ынтаа менен байкоо жүргүзүп жатышат.

Байкоочулардын баамында Украинадагы президенттик шайлоо постсоветтик өлкө болгону үчүн эле эмес, дүйнөдөгү үлкөн эки мамлекеттин – АКШ менен Орусиянын атаандаштык түзгөн аймагына айланып жатканы үчүн да өзгөчөлүккө ээ. Маселен, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиевдин айтымында, бул шайлоо Виктор Ющенко сунуштаган Батыш концепциясы менен Виктор Янукович сунуштаган Орусия концепциясынын кагылышуусу болду.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Замирбек Парманкуловдун пикирине караганда үлкөн мамлекеттердин кызыкчылыктары Украина элинин укугуна доо кетирип жатат:

- Үлкөн мамлекеттер туруп алып эле өз кызыкчылыктары үчүн кармашып атышпайбы. Ошол мамлекеттин жеке пикирине, чечимине койбостон бир туруп Орусия талапкерин, бир туруп Америка өз талапкерин коюп атат да. Ошондуктан негизи эл өзүнө татыктуу бир талапкерин өзү шайлап алышы керек.

Парманкуловдун пикиринде Украинанын башына ким келсе да, анын саясаты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына дал келишин каалайт.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрү үчүн Виктор Януковичтин президенттик такка келиши ынгайлуу эле дейт:

- Эгер Орусия менен мамилеси бекибесе бул өлкө КМШ мамлекеттеринен алыстай баштайт. Бизге Януковичтин келгени жакшы, анткени ал Орусиянын саясатын колдойт.

Ал эми депутат Алевтина Проненко Украина эле эмес, бардык жерде эле бийлик алмашуу бийликтин каалоосуна жараша чечилет:

- Мына Америкада эмне болду? Биз мына-мына, аз калды деп божомолдоп аттык эле, бирок кандай керек болсо ошондой эле болбодубу. Бул жерде деле ошондой эле чечилет.

Биз сурамжылаган кыргызстандык саясатчылардын дээрлик бардыгы кандай жагдай болгондо да бийлик алмашуу демократиянын талаптарынын чегинде жаңжалсыз өтүшүн каалашат. Бирок оппозициялык күчтөрдүн нааразылыктарын эске алганда Украинада кырдаалдын курчуп кетишин да жокко чыгарышпайт:

- Саясий кырдаал конструктивдүү эмес болуп атат. Ошон үчүн ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Бирок мен ойлойм, үмүтүм да бар - Украина эли, өкмөтү кайсы президент болбосун, бул маселени тынч чечип алат болуш керек, - дейт саясатчы Муратбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Алишер Абдимомунов президенттик шайлоонун жүрүшү Кыргызстанга тикелей таасир этээрине анчалык ишенбейт, бирок эгер бул өлкөдө шайлоо акыйкат өткөндүгү аныкталса, ал келерки парламенттик жана президенттик шайлоодо үлгү катары кабылданмакчы:

- Украинада оппозициялык күчтөр уюшулган, күчтүүрөөк. Аны шайлоолор көрсөтүп атат. Бизге анын тике таасири аз. Бирок демократиялык агым үчүн, прогресс үчүн ал жерде шайлоо мыйзам чегинде өтсө, бизге да таасири тийет эле.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG