Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Кадырман угармандар! Эмики кезек «Талант тагдыры» аттуу түрмөгүбүздө.Түрмөктүн бул жолку санынан кабарчыбыз Балбай Алагушовдун «ХХ кылымдын рапсоду» аталган Саякбай Каралаевдин туулган күнүнүн 110-жылдыгына арналган «Алп манасчынын албан элеси» аттуу эскерме берүүсүнүн экинчи бөлүгүн угуңуздар.

Улуу жомок «Манас» адеп жаралган күндөн эл арасында айтылган жана угуучулар тарабынан жогору бааланган. Ошондуктан, манасчы үчүн угуучу бирден-бир шыктандыруучу, толукндатуучу улуу күч болот. Угуучу канчалык көп болсо, Сакем ошончолук эргиген, ырлары болсо өзүнөн өзү төгүлүп, обондору обологон. Сакем айтып жатканда айланасында сүрөөчүлөр канчалык көп болсо, ал ошончолук алып учуп, буркан-шаркан түшө күпүлдөтө айткан. Ал эми угуучулар аз болсо Сакем чечекейи чеч боло чечилбей өзүнө келбей сабыры суз, айтуучу. Бир мисал: 1991-жылы Сакемди Кыргыз радиосунун Логвиненко көчөсүнө жайгашкан студиясына «Манастан» үзүндүлөрдү жазып алыш үчүн чакырылып калдым. Манасчы болжошкон убакта келди. Студияга жалгыз отургузуп «Каныкейдин жомогун» айтыңыз. Кана Саке баштаңыз кеттик – деп, үн оператору Кумар Жумабаев Сакеме белги берди. Сакем эмнегедир эл арасында отуруп айткандай күпүлдөтө айта албай, илхамы келбей адаттагыдай табына түшпөй чар жайыт айта баштады. Манасчынын андай көңүлсүз айта баштаганы редактор мага, үн операторго, режиссерго да жакпады. Ал турсун Сакем: «Каныкейдин жомогун» табына чыгара айта албай жатканын өзү да сезип: - Ой, балдарым деги мен бүгүн эмне болуп атам. Кайра башынан жазгыла, - деп калды. Көрсө мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Сабоодой болгон төртөөбүз Сакемдин үстүнө кирип бардык да, микрофондон алысыраак маңдайына отуруп: - Кана Саке кадимкиңиздей айта бериңиз. Баары жайында болот, - дедик. Сакемде баягынан бири жок болуп буулукпастан абалкы калыбындай чечиле күпүлдөтө айта баштады. Биз болсок үн катпай колдорубузду ар кандай абалда жаңдап сүрөөгө алдык. Сакем болсо миң кубула, миң өзгөрүлө трагедиядан лирикага, лирикадан санатка, санаттан драмага өтүп, али заматта бирде ыйлап, бирде үшкүрүп, биде кылкылдаган сан колдой дүбүрттөгөн орошондуу окуяларды көз албдыбызга элестете нөшөрлөтө төгүп жатты. Демек, мен муну менен эмнени айтмакчымын. Сакемдин өзү да, айткан Манасы да эл менен бирге экенине дагы бир жолу калк менен бирге жашаарына агарып, көгөрөрүнө ишендим жана күбө болдум. (Манас)

Кара сөздүн каймагын калпыган залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков:

- Тагдыр жалгап, кайсы бир жылы Каралаев менен Чүй өрөөнүндөгү чарбалардын бирине барып калдым. Каралаев келиптир деген кабар алеки саатта айылдан айылга жетип, желден ылдам тарап кетти. Каралаевдин өнөрүнө куштары артылгандар ушунчалык көп болгондуктан, айылдын клубуна эл батпай Сакем ачык аянтта «Манас» айта баштады. Бир оокумда төбөдөн кара булут сөгүлүп, алты сай жамгыр төгүп жиберди. Бирок, Каралаев жомогун токтотподу, эл да козголбоду. көнөктөгөн жаан алдында өтмө катар суу болгонуна кайыл, назарын бурбай жомокчуну муюп угуп, отура беришти ошол кезде алардын бүт ыкласы Каралаевге байланып калган эле. Мен муну эч качан унутпаймын, - деп жазса, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков:

- Сакемин сүрөтүн тартайын деп ниет кылып жүргөн кезимде бир күнү өнөрканама Сакем өзү келип калды. Аябай кубанып кеттим. Сакем жайланышып отургандан кийин: - Саке, «Чоң казаттан» айтып берсеңиз, - деп өтүндүм. Ал дароо макул болду. Илхом ушунчалык келип калганбы, эч токтобой төрт саат бою нөшордөй төктү. Анын көмөкөйүнөн обон да, сөз да оргуштап, фонтандай болуп атылып турду. Токтомок түгүл, кызып калган бууданга окшоп, арышын кайра күчөтөт, эргүү канаты алып учуп алда кайда сабалайт, - деген Турганбай мырза.

Мен көргөн, билген замандаш шайырлардын ичинен Сакем жаш, карыга бирдей, баары менен курбу-курдаш, баары менен теңтуш, пенде жок тамашакөй улуу инсан эле. Өз кулагым менен угуп, өзүм күбө болгон бир мисалга кайрылайын. Сакем өзүнүн тун баласындай болгон белгилүү акын Байдылда Сарногоев менен эмнегедир жаны бирге эле. экөө беттеше калган жерде эле не бир укмуштай бири-бирин тамашалашып чукушуп, кашынышып сүйлөшкөндөрүн далай жолу уктум. Байдылда Сакемди «Сашка» деп чакырса, Сакем Байдылданы «Жаман сары кашка» дечү. Экөө жолугуша калганда Айчүрөктүн кылык-жоруктарын айтышып шалпыша да кетишчү. Корсө ушундай айкөл адамдардын төрт тарабы төп келет тура.

1960-жылдан тартып Кыргыз радиосуна Сакемдин айтуусунда «Манастан» үзүндүлөр жазыла баштады. Мен ошол кезде Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштөөчүмүн. Сакем айтуусунда «Манастын» үзүндүлөрүн тасмаларга жаздырдым. 1968-жылдын 10-октябры мен жана Сакем үчүн унутулгус улуу күндөн болду. Бүткүл союздук табактарды (грампластинкаларды) жазуучу «Мелодия» фирмасынын Алматыдагы студиясынын директору Мамбет Бестыбаевдин демилгеси менен Сакемдин өзүнүн айтуусунда «Манастан»- «Алмамбет менен Чубактын жол чалышы», «Алмамбеттин жообу», «Сыргак менен Алмамбеттин жол чалышы», «Семетейден» - «Каныкейдин Тайторуну чапканы» аттуу келкилерин, үзүндүлөрүн тасмага жазып алдык. Бир жарым жыл өтүп, өтпөй табактардын ар биринин бир бети 45 мүнөттөн турган үч узакка ойнолуучу грампластинканын топтому Ташкендеги Т.Ташмухамедов атындагы табактарды чыгаруучу заводдон басылып чыгат. Алардын баяндамаларын жаздым. Бул кыргыз маданиятынын тарыхында алгач жолу «Манастын» келкилеинин алты беттен, үч гигант табактан турган комплектин чыгышы зор окуялардан болгон эле. Анткени, буга чейин «Манастын» бир дагы үзүндүлөрү, бир дагы айтуучунун ушунчалык көлөмдө грампластинка болуп чыга элек эле. Ал эми 1974-жылы жыйырма төрт сааттык «Кыргыз музыкасыын антогиясына» Сакемдин айтуусунда «Манастын» үзүндүлөрү беш грампластинка (табак) болуп чыкты. Ошентип, Сакемдин үнү, ысымы өчпөй эл оозунда – тирүү Гомер, «гениалдуу, кайталангыс айтуучу, улуу инсан, укмуштуу манасчы» делип айтылып калды. Бир гана өкүнүчтүүсү ордо калаада Саякбай Каралаевдин үй-музейинин жоктугу.
XS
SM
MD
LG