Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

УКУК КОРГООЧУГА БАЙЛАНЫШТУУ ПИКЕТ ӨТТҮ


Бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Турсунбек Акун жетектеген элдик-патриоттук кыймылдын жүзгө чамалаш өкүлдөрү 23-ноябрда пикетке чыгышты. Алар укук коргоочунун жоголушуна бийлик күнөөлүү деген дооматтарын айтышып, анын аман-эсен табылышын талап кылышты.

Пикет Ак үйдүн алдында болду. Пикетчилер колдоруна Турсунбек Акундун жоголушуна түрткү болду деп эсептеген жагдайларды жазган плакаттарды кармап турушту. Аларды тартип коргоо органдарынын жана ырасмий бийликтин өкүлдөрү көзөмөлгө алышты.

Чогулгандардын арасында Турсунбектин эки уулу, өмүрлүк жубайы жана 72 жаштагы атасы - Кыйтыке Мусабеков карыя болду. Алар Турсунбектин сүрөтүн кармап, армандарын айтышты:

-Мен Гүлмира Жапар кызы, Турсунбектин жубайы болом. Аскар Акаев Германиядан келди, бир жакшылык болор деген үмүттө Ак үй алдына келдим.

-Мен Турсунбектин чоң уулу болом. Атам үйдөн чыгып кеткен бойдон жок. Издеп жүрөбүз. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшса экен. Атамдын эч кимге жамандыгы жок эле дейм. Бул иним болот. Биз издеп чыктык.

-Мен Нургазымын. Турсунбек Акундун уулумун. Ата, сизди сагындым. Сизди күтүп атабыз. Кайдасыз, кабарыңызды билгизиңиз ата!

Ушундан кийин Нургазы буркурап, ыйлап ийди.

-Мен Турсунбектин атасымын. Бул кандай окуя болду. Акаевге Түркмөнстанга караганда, Өзбекстанга караганда демократиялык өлкөнү түздү деп сүйүнүп жүргөмүн. Көрсө фашисттик режимди түзгөн турбайбы. Мага таап берсин.

Сагынбек Момбеков пикетчилердин талаптарын ырга кошуп, буга бийлик күнөөлүү деп эсептеп, аны укук коргоочунун демилгеси менен президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү талап кылган кол чогултуунун башталышы менен байланыштыра жар салды.

-Мен Сыдыкова Тоту. Байтик айылынан келдим. Өкмөт айтып атат "биз эч нерсе билбейбиз" деп. Турсунбектин дайынсыз болушу бийликтин гана колунан келди деп ойлойм.

-Мен Байтик айылынан келдим. Атым Аккүл Төрөкуловамын. Бийликтин ушул кылганына аябай нааразы болуп келип отурам. Кудай талаа ушул бийликке кичине акыл-эс берип, биздин убаракерчилигибизди актап, Турсунбекти аман-эсен колубузга тапшырса деп тилеп отурабыз. Же жоготуп коюп отура беребизби.

Турсунбектин ушундай пикирлерин айткан балдары менен 72 жаштагы атасы көздөрүнө жаш алышты.

“Турсунбек Акунду коргоо жана издөө комитетине” мүчө болуп кирүүчүлөр демилге тобуна кайрылып жатышты. Алар - учурда камакта отурган Феликс Куловдун тууган-туушкандары жана "Арнамыс" партиясынын мүчөлөрү, ачкалык акциясынан каза тапкан маркум Шералы Назаркуловдун жана Аксы окуясында курман болгондордун жакындары экен. Булар Турсунбек Акунду укук коргоочу катары гана эмес, көр тирликтин айынан борборду көздөй агылып кирген элеттик журтташтардын ал жайын сураган, кычыраган кышта башпаанектеген жайларынан куулуп чыккандарга жалгыз дем-күч болуп, аздыр-көптүр алардын проблемаларын чечүүгө салым кошконун айтып жатышты.

Ошондон улам Турсунбек Акундун тирүү, аман-соо табылышын талап кылышты. Биринчи май райондук администрациясынын жетекчиси Марс Сакараев пикетчилерге жолугуп, алардын талаптарын укту:

-Турсунбек Акун буюрса аман-эсен табылат. Тергөө жүрүп жатат. Мындай пикетке чыккан туура эмес.

Бирок бийлик өкүлү Турсунбек Акун боюнча эч нерсе билбестигин айтып, анын аман-эсен табылаарына ишене турганын билдирди. Ал эми Биринчи май районунун прокурорунун орун басары Кенжекул Кукеев болсо пикетчилердин талаптары жана кыймылдын аракеттери мыйзамга туура келбейт деди:

-Негизи - минтип турган туура эмес. Атайын жобо бар да. Жобонун негизинде пикетке чыгыш үчүн уруксат алыш керек болчу.

Саясатчы Жыпар Жекшеевдин пикири мындай болду:

- Турсунбек Акундун 16-ноябрда митинг өткөрөбүз деп кол чогултуп жатканы жаңы кыймылдын башталышы болчу. Мындай аракеттерди токтотущ үчүн Турсунбек дайынсыз болду.

Пикетчилердин бири Клара Ажыбекова:

-Турсунбек Акун бийликке каршы болуп, Аскар Акаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетсин деп бир күндүн ичинде беш миң кол топтоптур да. Бийлик үчүн бул коркунучтуу болду. Аны жоготконго аракет кылды.

“Элдик патриоттук кыймылдын” мүчөсү, “Турсунбек Акунду коргоо жана издөө комитетинин” жетекчиси Нурлан Мотуев Турсунбек Акун табылмайынча митинг, пикетке чыгуулар токтобойт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG