Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

АЧЫК БЮДЖЕТ – УУРДАЛГАН АКЧАЛАР


Кийинки жылдары бюджеттин ачыктыгына жетишүү, анын түзүлүшүнө жарандык коомдун катышуусу тууралуу көп айтылууда. Анткен менен бюджеттик мекемелердин мамлекеттик акчаны уурдоо, артыкбаш чыгымдоолору жылдан-жылга арбып баратат.

Эмдиги жылдын бюджети парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында биринчи окуудан өткөн. Өкмөттүн ыкластуу аракетинин натыйжасында өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамы жыл аягына чейин кабыл алынып, Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттарынын жактыруусуна жөнөтүлөт. Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, өкмөт менен парламенттин макулдашуусуна кенен 4 ай убакыт кетет:

- Эки палатанын жактыруусуна, эсептеп көргүлө, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрды кошкондо жалпысынан 4 ай кетет. Ушунча убакыт бюджетти талкуулоого жумшалат.

Каржы министринин ырасташынча, өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамынын жерпайын ички дүң продукттун өсүшү, инфляциянын деңгээли, кыргыз сомунун долларга карата катышы түзөт.

Айрым аналитиктердин ырасташынча, оголе көлөмдүү, анан да атайын кесиптик билими бар адистер гана аңдап-түшүнчү экономикалык документти түшүнүү кыйын. Буга кошумча антип жыл бою даярдалып, оголе көп талкуу, сындан өткөн экономикалык мыйзамдын так аткарылышы Кыргызстанда ушу кезге чейин ишке ашпас проблема бойдон калып келатат. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов негизги экономикалык мыйзамдын аткарылышында өксүктөр толтура деген пикирде:

- Депутат катары ачык эле айтайын. Бюджетти бекиткен менен биз аны үнөмдөй албай жатабыз. Мамлекеттик бюджетти жеп-ичүүлөр, уурдоолор, тоноолор жылдан-жылга өсүп жатат. Ошону кайрадан мамлекеттин казынасына кайтаруу болбой жатат. Мына Эсептөө палатасынын справкасын карасаңыз, жылдан-жылга бюджеттик мекемелерди текшерүү көбөйүп баратат. Мыйзам бузуулар да арбууда. Бирок мамлекеттин казынасына кайтарып келүү болбой калды. Көпчүлүк мыйзам бузган жетекчилер жазасыз калышууда. Качан гана аларды жазага тартып, жеп-ичкенин, уурдаганын, мыйзамсыз чыгымдаганын мамлекеттин казынасына алып келсек ошондо гана бизде береке болот. Ансыз бизде береке болбойт,- деп айтты Жеңишбек Эшенкулов.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын президенти Муратбек Мукашев мамлекеттик бюджеттин киреше жагы төмөн дейт. Себеп дегенде өнөр жай өндүрүшү Кыргызстанда жакшы өнүгө албай турат:

- Мына, былтыркы өнөр жайдын тапкан пайда-зыяны 2 миллиард 250 миллион сом болду. Андан бюджетке кандай акча түшөт? Экинчи жагынан энергетика тармагынын таза кирешеден түшчү салык карызы 1 миллиард 200 миллион сом болууда. Бул «Улуттук электр тармактары», «Электр станцияларынын» карызы. Ошондон бюджеттин киреше жагы болбой атпайбы. Мындай шартта, бюджетти үнөмдүү пайдалануу негизги маселе болот. 2003-жылдын бюджет отчетун кабыл алганда ачыкка чыкпадыбы. Эсеп палатасы текшергенде 2003-жылы мыйзамсыз чыгымдоолор, уурдоолор 2 миллиард 300 миллион сомго жетти,- дейт Муратбек Мукашев.

Жеңишбек Эшенкуловдун ырасташынча, өкмөт салык жеңилдигин өндүрүшкө берүүнүн ордуна айрым фирма, компанияларды салыктан бошотууда:

- Бизде фирмаларды салыктан бошотуп, аларды калкалап атышпайбы. Өкмөттүн мүчөлөрү аларды коргоп, өздөрү пайда көрүшүүдө. Мамлекет пайда көргөн жок. Кээ бир министрлер, өкмөттө иштеген бөлүм башчылар пайда көрүп атышат. Мен аны сессияда айткам, азыр да ачык айтам.

Жеңишбек Эшенкуловдун айтымында, депутаттардан баштап мамлекеттик кызматта иштегендердин баки-жогу тазаланышы керек. Ансыз да капчыгы жука мамлекет казынасын талап-тоноо улантыла берсе өлкө экономикалык кыйынчылыктын сормо сазынан жакын арада чыгышы күмөндүү.
XS
SM
MD
LG