Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Президент Аскар Акаевдин 60-жылдыгы 23-ноябрда Таласта белгиленди


ТАЛАС. Облустук мекеме, ишкана жана уюмдардын жетекчилери, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, саясий партиялардын бөлүмдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери, коомчулуктун өкүлдөрү алгач «Манас ордо» комплексине зыяратка барышты. Туулган күндү белгилөө салтанаты түштөн кийин Талас шаарында улантылып, облус губернатору Искендер Айдаралиев сый тамак үстүндө президент Аскар Акаевдин эгемендүүлүк жылдарындагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады.

Облустун телекомпаниясынын жамааты тарабынан даярдалган президент жөнүндө жарым сааттык даректүү фильм көрсөтүлдү. Салтанатта чыгып сүйлөшкөндөр эгемендик жылдарында жетишилген ийгиликтерди президент Аскар Акаевдин жеке салымы деп баалашып, радикалдуу жана конструктивдүү оппозицияны өлкөдөгү кемчиликтердин башкы айыпкери дешип баалап жатышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG