Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргызстан элдик кыймылынын Жалалабад облустук конференциясы өттү


ЖАЛАЛАБАД. Облустун жети шаар, райондорунан чогулган 200дөн ашык делегат «Кыргызстан элдик кыймылынын» штаб башчысы Үсөн Сыдыковдун кыймылдын максат, милдеттери жана парламеттик, прзиденттик шайлоого карата иш багыттары жөнүндө баяндамасын угушту. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы сындалып, азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына тескери баа берилди. Кыймылдын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 50% орунду жеңип алуу, бийликтин толук алмашуусуна жетүү үчүн иш аракетти бардык район, шаарларда, айыл, кыштактарда күчөтүү жагы белгиленди.

Кыймылдын облустук кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына Ильяз Айтариев шайланды. Ал буга дейре Жалалабад шаар бийлигинде аппарат жетекчи болуп иштеген. Конференцияда ошондой эле Кыргызстан калкына кайрылуу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG