Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Ысыккөлдө активисттер билдирүү таратты


КАРАКОЛ. Билдирүүнүн мазмуну менен тааныштырган "Асаба" кайра жаралуу саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегиндин пикиринде, адилеттүүлүк, калыстык, чындык үчүн чыркырап күйүп, бийлик төбөлдөрүнө жаман-жакшы көрүнгөн белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун бир жумадан бери дайынсыз жоголушу бир катар саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын облустагы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн ар кандай ойго салууда.

Ар түрдүү божомол ойлор да жорулуп, алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоо алдындагы саясий оюндардын башталышы деген өңдүү түкшүмөлдөр да пайда болууда.

"Деги Турсунбек Акундун табышмактуу дайынсыз жоголушу жеке эле бийликке жакпаган оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын, укук коргоочулардын тынчын албастан, карапайым калктын да нааразычылыгын күчөтүүдө. Ошондуктан Турсунбек Акундун тез арада табылышын жактагандар менен биргебиз", дейт Канымет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG