Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Турсунбек Акундун туугандары жана жердештери Нарында пикетке чыгышты


НАРЫН. 23-ноябрь күнү Нарын районундагы Экинарын, Ташбашат айылдарынан келишкен - укук коргоочу Турсунбек Акундун элүүгө жакын туугандары жана жердештери Нарын шаарынын борбордук Эркиндик аянтына пикетке чыгышты.

«Турсунбек Акундун аман-эсендигин талап кылабыз; Турсунбек Акун элге керек; Турсунбек Акунду бошоткула; Турсунбекти эл күтөт; Элдик уулду элине бер;» деген жазууларды көтөрүп чыгышкан пикетчилердин арасында Турсунбек Акундун баккан атасы, 80 жаштагы Акун аксакал да болду.

Туугандарынын айтымында кечээ үч адам Нарын шаарынын акими Бейшенаалы Боогачиевге тынч митинг өткөрүү үчүн кат жүзүндө кайрылуу менен киришкен. Шаардын мэри мындай акцияны өткөрүүгө уруксат бере албастыгын билдирген.

Ал эми шаар жетекчисине 23-ноябрь күнү кайрылганыбызда Турсунбек Акун Нарын шаарынан жоголуп кетпегендиктен митинг өткөрүүгө эч кандай негиз жоктугун, бул жерде шаар бийлигинин саясий ишке аралашуусу туура эмес экендиги түшүндүрүлүп, митинг өткөрүүдөн баш тартылгандыгы чындык деп жообун берди.

Пикетчилер менен губернатор Аскар Салымбеков жолугушуп, мындай акция мыйзамдуу көрүнүш экендигин белгиледи. Ал эми милиционерлердин пикетчилерди таратууга жасаган аракеттеринен майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG