Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Коргоо министрлери Москвада жыйын курат


БИШКЕК. 25-ноябрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан коргоо министри Эсен Топоев жетектеген делегация катышат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

Орус маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда Москвадагы жыйында Борбор Азия регионунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ири аскердик бирикмесин түзүү маселеси талкууланат. Ал бирикмеге Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан аскерлери кирип, жалпы саны 10 миңге жетиши ыктымал. Жамааттык коопсуздук уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG