Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Кумтөрдүн акчасы тууралуу маалымат берилди


БИШКЕК. «Кумтөр» долбоорун реструктризациялоодон түшкөн акциянынын бир бөлүгүн Торонто биржасында сатуудан өкмөттүн эсебине 106 миллион 500 миң Канада доллары түштү жана ал акча жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегияны каржылоого жумшалат. Бул тууралуу тоо-кен тармагынын ишинин ачыктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынында каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев билдирди.

Жыйында бул тармактын ишинин ачыктуулугун камсыздоодо өкмөт тарабынан жасалып жаткан кадамдар тууралуу маалымат берилди. Ал эми бул багыттагы демилге 2002-жылы Йоханнесбург саммитинде Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр тарабынан көтөрүлүп, Кыргызстан бийлиги аны колдоого алган.

XS
SM
MD
LG