Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

ЕВРОБИРИМДИКТИН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮШҮҮДӨ


Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Быйылкы жылдык жолугушууда Иран, Жакыңкы Чыгыш маселелери жана шаркеттин Кытай менен алакалары талкууланмакчы. Андан тышкары министрлер Беларустагы кырдаал жана Украинадагы президенттик шайлоого карата өз реакцияларын билдирет деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада Германия, Франция жана Британия Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишилгенин жарыялашкан эле. Ага ылайык Тегеран уран байытуу процессин убактылуу токтотууга макул болду. Дүйшөмбү күнкү жыйында аталган 3 өлкөнүн министрлери кесиптештерин макулдашуунун деталдары менен тааныштырды. Биримдик келишимди кубаттаган билдирүү кабыл алат деп күтүлүүдө.

Брюсселдеги дипломаттардын ырастоосунда Иран бул процессти чындап эле токтоткону анык болгондон кийин гана Тегеран менен соода жана башка алакаларды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даярдыктар көрүлө башталмакчы. Аны менен бирге саясий диалог дагы улантылат.

Министрлер талкуулай турган экинчи маселе – Жакыңкы Чыгыштагы кырдаал болмокчу. Палестин лидери Ясер Арафаттын өлүмүнө байланышкан билдирүүнүн текстинин соңку варианты бүгүн бекитилет. Анда биримдик палестин элине көңүл айтып, чатакты чечүүдө күч колдонууга каршы экенин, шаркеттин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солананын сунушун колдой турганын белгилейт. Солана тынчтык орнотуу процессинде конкреттүү, кыска мөөнөтүү чараларды аныктоо демилгесин көтөргөн эле.

Биримдик Израиль кабинет башчысы Ариэль Шарондун Газа тилкесинен чегинүү планы боюнча палестин жетекчилиги менен консултация өткөрүү демилгесин да кубаттайт.

Шаркеттин ырасмий адамдарынын айтымында, Европа биримдиги жаңы мүмкүнчүлүктү пайдаланууга дилгир.
Брюсселдеги бир дипломат айткандай, Палестинанын азыркы жетекчилиги легитимдүү болуш үчүн автономияда шайлоо өткөрүлүшү керек. Бул – приоритеттүү маселе болуп эсептелет.

Евробиримдик бул маанилүү саясий өнөктүккө акчалай, техникалык жана логистикалык жардам берүүгө даяр. Айрым булактардын ырастоосунда, ушу тапта Ирак боюнча өтүп жаткан эларалык конференция учурунда Жакыңкы Чыгыш тынчтык процессине катышкан “Квартеттин” – “Төртилтиктин” мүчөлөрү өзүнчө жолугушуу өткөрүшү мүмкүн.

Брюсселдеги жыйында министрлер Евробиримдик менен Кытай ортосундагы саммитке даярдыктарды да талкуулашат. 8-декабрдагы бийик жолугушууда бир катар жаңы келишимдерге кол коюлмакчы. Тараптардын кызматташуусу динамикалык түрдө өнүгүүдө. Биримдик да, Кытай да бири-бирин стратегиялык өнөктөш катары баалашат, - дейт шаркеттин ырасмий өкүлү.

Ошол эле мезгилде Кытайдагы адам укуктарынын абалына байланыштуу киргизилген курал эмбаргосунун саммиттин алдында алынып салышы күмөн.

Шаркет 1989-жылы Бээжиндин Тяньанмен аянтында орун алган кандуу окуялардан бери Кытайда оң жылыштар байкалды, бирок ошону менен бирге эле ортодо бир топ чечиле элек маселелер калууда, - деп белгилейт. Маселен, Кытай граждандык жана саясий укуктар боюнча эларалык конвенцияны ратификациялай элек.

Беларуста жакында өткөн референдумга карата биримдиктин мүчөлөрү буга чейин эле терс реакциясын билдиришкен эле. Шаркет, эгерде өлкөдө демократиялык реформалар жүргүзүлсө Мински менен алакаларын кеңейтүүгө даяр экенин кайталап келатат. Азыркы кырдаалда болсо кызматташуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес, - дейт европалык диплмоттардын бири.

Биримдик Беларустун айрым ырасмий адамдарына виза бербөө жөнүндө чечим чыгарган эле. Жыйында ошол чектөө күчүндө калып, ал “кара тизмеге” дагы бир нече киши кошулганы жарыяланмакчы.

Ал эми Украинадагы президенттик шайлоону кимиси утуп чыкса да, шаркет Киев менен кызматташууну артырууга даяр, дешет Брюсселде. Бирок өлкөнүн жаңы жетекчилиги Батыш стандарттарын кабыл алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG