Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Азербайжан Армениянын отурукташтыруу аракеттери жөнүндө БУУнун Башкы ассамблеясында маалымат берди


Азербайжан Башкы ассамблеяны Армения мындан он жыл мурда ээлеп алган жерлерге элди жайгаштырып жатканына тынчызданган резолюция кабыл алууга чакырды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Элмар Мамадияровдун билдиргенине караганда, миңдеген этникалык армяндар Тоолуу–Карабак анклавынын жанындагы Азербайжан райондоруна кайра көчүрүлүүдө. Бирок Армениянын БУУдагы элчиси Армен Мартиросян Азербайжан тараптын билдирүүсүн төгүндөдү. Анын айтымында жогорудагыдай резолюциянын кабыл алынышы ЕККУ уюму тарабынан жүргүзүлүп жаткан тынчтык жараянын жокко чыгарат:

-Бул аймактар жөнүндөгү маселе Тоолуу-Карабактын статусу жөнүндө резолюция кабыл алынып, коопсуздук кепилдиктери берилмейинче чечиле албайт.

БУУнун Башкы ассамблеясы ага Азербайжан тарап сунуш кылган резолюциянын талкуулоону улантууну кийинкиге, белгисиз мөөнөткө калтырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG