Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ирак боюнча эларалык конференция аяктады


Египеттин курорттук Шарм-эл-Шейх шаарындагы жыйындын катышуучулары Ирактын өкмөтүнүн жалпы улуттук шайлоону келерки жылдын 30-январында өткөрүү жөнүндөгү чечимин колдошту. Конференцияга БУУнун башкатчысы Кофи Аннан, АКШдан Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, Ирактын өзүнүн, Орусиянын, Кытайдын, бир катар араб өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты. Конференция делегаттары биргелешкен билдирүүсүндө Ирактын саясий жана диний топторун шайлоого толук катышууга үндөштү. Ошондой документте Иракта террорчулукту токтотуу зарылдыгы белгиленет. Ал эми Ирактын өзүндө кечээ АКШ, британ жана ирактык аскерлер Багдаддан 80 чакырымча батыш тарапта, Жабелла деген жерди козголоңчулардан тазалоо операциясын баштады.

XS
SM
MD
LG