Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

ТУРСУНБЕК АКУНДАН ДАЛЕ ДАЙЫН ЖОК. ДАГЫ БИР ПИКЕТ ӨТТҮ


Белгилүү укук коргоочу жана саясатчы Турсунбек Акун 16-ноябрдан бери дайынсыз жок. Анын жакындары жана пикирлештери 24-ноябрда дагы өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты (алар бир күн мурда да ушул жерде нааразылык акциясын уюштурушкан). Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы саясатчынын жоголуусуна өзүнүн тийешеси жок экендигин билдирүүдө.

Укук коргоочулук менен саясий ишмердүүлүктү катар алып жүргөн Турсунбек Акун быйылкы жылы “Кыргызстан элдик патриоттук кыймылын” түзүп, анын лидерлигине шайланган. Бул кыймыл азыркы бийликке оппозициялык маанайда болгон менен буга чейин калыптанган оппозициялык күчтөр менен тыгыз байланышка, кызматташууга барган эмес.

Кыймыл өз ишин 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин активдештирип, шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди кызматтан кетирүүнү президент Аскар Акаевден талап кылган. Бирок бул талап аткарылбагандыктан кыймыл президенттин өзүн кызматтан кетирүү тууралуу маселени коё баштаган. Ал талапты жүзөгө ашыруу максатында атуулдардын колун топтой баштап, 17-ноябрга нааразылык митингисин өткөрүүнү белгилеген эле. Бирок Турсунбек Акун 16-ноябрдын кечинде дайынсыз жоголуп кеткен.

“Кыргызстан элдик патриоттук кыймылы”, өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү жана Турсунбек Акундун жакындары 23-ноябрда пикет өткөрүшкөн.

24-ноябрда 30дан ашуун адам Акүйдүн чыгыш тарабына кайра чогулуп, Турсунбек Акунду табууну талап кылган плакаттар менен пикетте турушту. Алар өкмөт үйүнүн алдына өтүүгө аракет жасаганда милициянын ондогон кызматкерлери курчоого алып, ага жол берген жок. Турсунбек Акундун атасы Кыйтыке аксакалдын жана укук коргоочу Азиза Абдрасулованын милиция кызматкерлерине кайрылуусу Сагынбек Момбековдун ыры менен коштолду.

- Көтөрүлүш чыгат. Милиция кызматкерлери, уулумду таап бергиле,- деп кыйкырган Турсунбек Акундун атасын Азиза Абдрасулова коштоду:

-Эмне себептен Акаевди колдоп жаткан Гүлшайыр Садыбакасова жоголуп кетпейт да, "Акаевди кетсин" деген Турсунбек жоголуп кетет?!.

Ушул эле күнү түшкө жуук Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов маалымат жыйынын өткөрүп, бул мекеменин Турсунбек Акундун жоголуп кетишине тийешеси жоктугун билдирди:

-Улуттук коопсуздук кызматынын бул ишке тийешеси жок.

Токон Мамытовдун айтымында, Турсунбек Акун менен Улуттук коопсуздук кызматы мамилелеш болуп жүргөн жана акыркы жолугушуу 17-июнда болгон. "Биз кээ бир саясатчылардын бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук кызматын айыптоосун кабыл албайбыз. Кимдир-бирөөнүн кайгысын саясий оюнга айлантууну да жактабайбыз", деп белгиледи Токон Мамытов.

Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушун “Акаевге отставка, элге реформа” кыймылы да 24-ноябрда талкуулап, жыйынтыгында президентке, калкка кайрылуу кабыл алынды. Анда Турсунбек Акунду табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен катар эгерде ал ушул жума ичи табылбаса Турсунбек Акундун өзү баштаган Акаевди кызматтан кетирүү боюнча атуулдардын колун топтоо акциясы кыймыл тарабынан улантылаары билдирилген.

Сүрөттө: Турсунбек Акундун баласы.

Фото АКИпресстики.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG