Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Милициянын мыйзам бузууларына каршы күрөш жүрүүдө


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы тартип коргоо кызматкерлерине байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде 660 оперативдик текшерүү иштерин жүргүзүп, мыйзам жана тартип бузган 1304 фактыны аныктаган. Бул тууралуу Өздүк коопсуздук кызматтын жетекчиси Бердибек Жакыпбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин арасынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып аша чапкандыкка барып, пара алуучулук, баңгичиликке байланыштуу мыйзам бузуулар катталган.

Ал материалдардын 296ы тергөө органдарына, 245и офицердик абийир сотуна жөнөтүлгөн. 91 материал боюнча кылмыш иши козголуп, 124 кызматкердин үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мыйзам бузган 85 милиция кызматкери иштен бошотулган.

Кан жолдордо автоунааларды тосуп, айдоочулардан акча алууну көздөгөн МАИ кызматына тиешеси жок 83 кызматкер кармалган. Ал эми ички иштер министрлигинин кызматкеринин күбөлүгүн алып жүргөн тартип коргоо органдарынын мурдакы кызматкерлери жана милицияга тиешеси жок 262 адам кармалып, документтер кайтарылып алынган.

XS
SM
MD
LG