Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Шайлоо округдарынын чегарасы өзгөрүшү мүмкүн


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлана турган округдардын чегарасы боюнча мамлекет башчысына, парламентке түшүп жаткан сунуш-пикирлерди Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексининин 19-беренесине ылайык иликтеп жатат. Бул тууралуу комиссия төрагасы Сулайман Иманбаев «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаиловага жиберген катында кабарлады. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму шайлоо округдары Шайлоо кодексинин талаптарын бузуу менен түзүлгөндүгүн билдирген катты БШКга жолдогон. Анда шайлоо округдарынын чегарасын белгилөө жөнүндө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы 2003-жылдын 30-июнунда кабыл алган токтомун мыйзамсыз деп билдирген. Ушундан улам азыр коомдо Борбордук шайлоо комиссиясынын иликтөөсүнөн кийин шайоо округдарынын чегарасы өзгөрөт деген маалымат күч алды.

XS
SM
MD
LG