Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

ШАЙЛОО ЖАНА АЯЛДАР


Аял саясатчылардын келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышуусунда кескин бурулуштар күтүлбөйт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бүгүн «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Төрага аялдардын саясатка аралашуусуна кедерги болуп жаткан себептердин бири катары коомчулуктун колдоосунун жетишсиздигин атады.

Кыргызстандагы шайлоочулардын 52%ин аялдар түзөт. Бирок мурдагы парламенттик шайлоодо шайланган депутаттардын 7%, андан мурдагыда 4,7% гана аялдар болгон.

Келерки февралга белгиленип жаткан жаңы парламенттик шайлоодо депутаттыкка ат салышуу аял талапкерлер үчүн мурдагы жылдардан алда канча татаал болушу мүмкүн жана коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бургудай тыянак чыгарына да ишеним аз. Анын бир себеби катары маалымат жыйынында Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев партиялык тизме аркылуу шайлоо системасынын (можаритардык) жаңы Шайлоо кодексинен алынып салынышы менен байланыштырды. Иманбаевдин пикиринде, кандай болгон шартта да, аялдарды келерки парламенттик шайлоого активдүү катыштыруунун мааниси чоң:

- Бул өтө маанилүү маселе. Аялдардын ийгилиги талапкердикке көрсөтүлүшүнө жана талапкер катары иш алып баруунун деңгээлине жараша жаралат. Анткени алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкердикке коомчулуктун атынан саясий партиялар гана талапкерин көрсөтө алышат, калгандары өздөрүн өздөрү көрсөтүшү керек.

Сулайман Иманбаевдин айтымында, быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдар ийгилик жарата алышты, башкача айтканда, депутаттардын 19,1% аялдар түздү. Алардын көпчүлүгү саясий партиялардан сунушталышкан. Саясий партиялар гендердик багыттагы ушул тажрыйбаны колдонсо, парламентте аялдар ийгилик жаратары ажеп эмес.

Ошондой болсо да Борборшайлооком гендердик тең салмактуулукка кызмат кылгыдай чукул өзгөрүү күткөн жери жок:

- 2005-жылкы шайлоодо коомдун менталитетинде, мамилесинде, шайлоо тыянактарында олуттуу чукул өзгөрүү болору кыйын ,- дейт Сулайман Иманбаев, - Бирок баары бир коомдун теңсалмактуулугуна, гендердик теңсалмактуулукка пайда келтиргидей тыянак чыгышы керек.

Иманбаевдин айтымында, гендер жаатында Шайлоо кодексинде эч кандай кынтык жок. Ошондой болсо да азыр шайлоого камылгалар аялдардын катышуусуз өтүп жатат. Ошондуктан аялдар үчүн азыр ириде шайлоо технологияларын үйрөнүү, саясат таануу, укук, психология жаатында билим деңгээлин арттыруу зарылчылыгы бар.

Бирок аял саясатчылар маселенин төркүнүн башка өңүттөр менен да байланыштырып келишет. Алардын бири катары эркектер менен теңата күрөшүүгө мыйзамдык кепилдиктердин жоктугун айтышат. Маселен, Шайлоо кодексин кабыл алууда шайлоодо аялдарга квота берүү демилгесин эркектер басымдуулук кылган парламент колдогон жок. Партиялык тизме менен шайлоого катышуу укугунун четтетилиши да аялдардын саясатка аралашуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койду.

- Талапкердигин сунуштай турган аялдар бар, - дейт «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова, - Бирок азыркы шартта эркектер менен теңата күрөшүүгө мүмкүн эмес.

Галина Куликованын айтымында, адатта, аялдар ат салышта (алар кандай күчтүү саясатчы болбосун), сөзсүз түрдө административдик колдоосу күчтүү, каражаты арбын эркектер гана жеңишет. Куликова ушундай негиздеме менен партиянын парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тарткан 4 аял мүчөсүнүн бири. Азыр талапкер болуу ниетин партиядан 3 гана аял билдирүүдө:

- Маселен, мен бир жыл мурда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердигимди коём дегем. Иликтеп көрсөм, мен бара турган округда күчтүү ресурстар ушунчалык көп экен. Мен канчалык күчтүү интеллект болсом да убактымды, нервимди, акчамды коротом, бирок өтпөйм. Ошондуктан мен беш жылдан кийин, можаритардык шайлоо системасы кайрадан калыбына келтирилген кезде шайлоого барам. Бул система кайра кайтып келерине ишенем.

Ал эми коммунисттер партиясынын баш катчысы Клара Ажибекова Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердигин коюуну чечкен аял-саясатчылардын бири. Аны тыянактан мурда аялдардын кызыкчылыгын жактоо көбүрөөк кызыктырат. "Аялдар каржылык колдоосу күчтүү эркектер менен ат салышуу аркылуу өздөрүнүн дараметин далилдеши керек", дейт ал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG