Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

КАШМИР МАСЕЛЕСИНДЕ ЖЫЛЫШ БОЛГОН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Пакистан менен Индиянын өкмөт башчыларынын шаршембиде Нью-Делиде өткөн сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктады. Саясий серепчилердин пикиринде, Кашмир маселесиндеги пикир келишпестиктер эки өлкөнүн саясий алакаларына эле эмес, экономикалык кызматташуусуна да кедерги болууда.

Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз менен Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх Түштүк Азиядагы коопсуздук жагдайын талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык процессин колдон келишинче илгерилетүүгө убада беришти. Сүйлөшүүдөн кийин өткөн маалымат жыйында Пакистан премьери Шаукат Азиз:

-Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү. Биз баардык маселелерди талкууладык жана мында жылыш Жаму менен Кашмир маселесиндеги прогресске жараша болот,- деп айтты.

Шаукат Азиз Нью-Делиге шейшемби күнү Түштүк Азиянын регионалдык кызматташуу ассоциациясынын төрагасы катарында келди. Ушундан улам Түштүк Азиядагы коопсуздук жолугушуунун көңүл борборундагы маселе болду.

Бирок аналитиктердин көбү болжошкондой эле, Индия менен Пакистандын ортосундагы негизги проблема - Кашмир маселесинде жылыш болгон жок. Эксперттер бул суроодо эки тарап тең мунасага келүү жолдорун караштыруусу абзел экенин айтышат. Болбосо жарым кылымдан бери эки өлкөнүн талаш алмасы болуп келаткан Кашмир мындан ары да баардык нерсеге кедерги болуп кала бермекчи.

Индия менен Пакистан Гималай тоолорунда жайгашкан Кашмир аймагын талашып, эки жолу кандуу согуш жүргүзгөн. Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кашмирдин бир бөлүгү - Индияга, экинчиси - Пакистанга карайт.

Карачидеги Эларалык университеттин серепчиси Наусеем Васи Индия менен Пакистандын ортосундагы тынчтык процесс туйукка капталган абалдан чыга элек экенин жана бул ооруксун проблема жөнгө салынмайын, чыныгы коңшулук мамилелер жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин белгилейт:

-Тынчтык процесси туйуктан чыга элек жатат, анткени эки өлкөнүн ортосуна от чачкан маселелер, алардын эң башкысы - Кашмир проблемасы жөнгө салына элек. Кашмир талашы жөнгө салынмайынча, эки өлкө коңшулаш алакаларын өөрчүтө албайт.

Аналитиктин пикиринде, маселенин тынчтык жол менен чечилишине кызыкдар экенин эки тарап тең кайталап келатканы менен, аны чечүү методологиясы дагы эле бүдөмүк. Тараптар тек гана каалаган максаттарын айтуу менен чектелип кала берүүдө. Бирок ошол бири-бириникине төп келбеген каалоо-тилектерди кандайча ишке ашыруу мүмкүн, буга келгенде алар ырааттуу боло албай жатышат, дейт аналитик.

Индия менен Пакистандын мамилесин, саясий проблемаларды мындай койо туруп, экономикалык алаканы өөрчүтүү аркылуу оңдоо керек, деген серепчилер да бар. Бирок карачилик аналитик, сүйлөшүүлөр кайсы тармакта жүргүзүлбөсүн баары бир саясатка барып такалаарын, ал эми саясий талаш тараптардын чыныгы ак ниет каалоосуз чечилбей тургандыгын айтат.

Бул жерден шаршемби күнкү жолугушууларда эки тараптын орток кызыкчылыгындагы экономикалык маселе да талкуулга алынганын айта кетүү керек. Бул жөнүндө Пакистандын өкмөт башчысы Азиз:

- Биз Ирандан газ куурун алып өтүү маселесин да талкууладык. Табыгый газга экономикасы жигердүү өнүгүп жаткан Пакистан менен Индия экөө тең муктаж. Биз газга болгон керектөөбүздү канааттардыруу максатында Түркмөнстан, Катар жана Иран менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер андай муктаждык болсо, сүйлөшүүгө Индиянын өкмөтүн да кошулууга чакырабыз,- деди.

Индиянын мунай министри Ман Шанкар Аяр менен сүйлөшүү учурунда Азиз Ирандан Индияга газ куурун алып өтүүнү талкуулады. Пакистандын аймагы аркылуу өтөт деп пландаштырылып жаткан куурдун жалпы узундугу 2 775 километр, анын 760 километри Пакистандын аймагына туура келет. Жалпы баасы 4 миллиард 200 миллион доллар келген бул долборду Иран 1996-жылы эле сунуш кылган, бирок анын ишке ашырылуусу Кашмир талашына такалууда.
XS
SM
MD
LG