Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Иран өзөктүк программасынан толук баш тартууга даяр эмес


Ошол эле мезгилде Тегеран өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин карманат. Ушундай мазмундагы билдирүүнү бүгүн Бээжинде өтүп жаткан конференцияда Ирандын Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиктеги өкүлү жасады.

Хусейн Мусавян Тегеран уран байытуу процессин ортодогу ишеним маанайын түзүү үчүн убактылуу токтотконун, бул кадам Иран үчүн милдетүү эмес экенин белгиледи.

Дүйшөмбүдө Иран Евробиримдикке берген убадасын аткарып, уран байытуудан убактылуу баш тартканын жарыялаган. Атомдук энергетика боюнча мекеменин төрагасы Мохамед Эл Барадеи бул маалыматты тастыктады.

XS
SM
MD
LG