Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

БУУнун 3 кызматкери Хамид Карзай менен жолугушту


БУУнун кечээ барымтадан бошотулган 3 кызматкери бүгүн ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту. Шайлоо уюштуруу иштерине катышкан түндүк ирландиялык Анетта Флэниган, косоволук Шкипе Хебиби жана филиппиндик дипломат Анжелито Наян 28 октябрда талиптердин бутагы – “Мусулмандардын армиясы” деген топ тарабынан уурдалып кетишкен эле.

Карзай оогандардын меймандостугуна дал келбеген мындай окуя эми мындан ары кайталанбайт деген үмүтүн билдирди:

-Ооган эли бул инцидентти өкүнүч менен баалайт. Оогандар конокторуна жакшы мамиле жасашат. Биздин эл меймандос салттары менен белгилүү. Бул окуя ооган элин катуу камтамага салды.

XS
SM
MD
LG