Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Мосулда дагы 5 кишинин сөөгү табылды


АКШнын аскерий өкүлдөрү Ирактын Мосул шаарында дагы 5 кишинин сөөгү табылганын билдиришти. Алар Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн аскерлерине таандыкпы же жокпу - азырынча ал тастыктала элек.

Буга чейин америкалык жоокерлер атып салынган 10 кишинин сөөгүн табышкан эле. Алардын тогузу Ирак армиясынын аскерлери экени аныкталган.

Багдадда Улуттук гвардиянын аскерлери рейд өткөрүп, козголоңчу деп шектелген 8 адамды кармап кетишти. Андан тышкары рейд маалында курал-жарак жана акча табылган.

Баш калаадан аба майданына бараткан жолдо болсо бомба жарылып, жергиликтүү 2 тургун жарадар болду. Жол убактылуу жабылды.

Анын аралыгында "Кызыл Чырым" эларалык уюмунун кызматкерлери Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин абалы менен таанышып чыгышканы маалым болду. Саддам кармалган былтыркы декабрдан бери уюмдун кызматкерлери аны менен 5 ирет жолугушту.
"Кызыл Чырымдын" басма сөз өкүлү Хусейндин денсоолугу жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Саддам жашыруун жерде кармалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG