Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25
Украинанын президенттигине талапкер Виктор Ющенко оппозиция шайлоонун кайра өткөрүлүшүнө даяр, бирок шайлоо комиссиясы калыс жана таза болууга, административдик кысымга баш ийбөөгө тийиш деди.

Мындай билдирүүнү Ющенко Киевде чогулган тарапкерлерине кайрылып жасады. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо жабык эшик артындагы чукул жыйынына чогулду.

Комиссиянын ырасмий өкүлдөрү Янукович Ющенкодон 3 пайыздай көбүрөөк добуш алып, алдыга чыкканын билдиришкен эле.

Ырасмий жыйынтыктар азырынча жарыялана элек. Ющенко жана анын колдоочулары шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп, 3 күн катары менен нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

Батыш байкоочулары да өнөктүк мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG