Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Гаагада химиялык куралдарды жоюу багытындагы жыйынга Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат


БИШКЕК. Кеңсеси Нидерландынын Гаага калаасында жайгашкан Химиялык куралдарга тыюуу салуу уюму 26-ноябрда жыйын өткөрөт. Химиялык куралдарды өндүрүүгө жана колдонууга, аны жок кылууга багытталган конвенциянын талаптарын аткарууну көзөмөлдөөчү Улуттук органдардын 6-жыйынында 2004-жылы кабыл алынган маселелердин аткарылышы талкууланат. Ошондой эле химиялык куралдарды колдонбоо жана жок кылуу боюнча жылдын жыйынтыгы чыгарылып, келээрки жылдын аткарылуучу иш пландары кабыл алынат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан химиялык куралдарды колдонууга жана өндүрүүгө каршы конвенциясына 2003-жылы мүчө болуп кирген.

XS
SM
MD
LG