Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Улуттук илимдер академиясына 50 жыл


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түзүлгөнүнүн 50 жылдыгы белгиленди. Ага арналып «Постсоветтик мейкиндикте илим менен билимдин көйгөйлөрү» аттуу эларалык конференция болуп, ага президент Аскар Акаев катышты. Ал өз сөзүндө кыргыз илими өткөөл мезгилде сакталып калгандыгын белгилеп, мындан ары илимдин жетишкендиктерин ишкерликте жана өндүрүштө колдонууга мезгил жеткендигин билдирди. Андан тышкары жаңы жылдан тарта илимий кызматкерлердин айлык маянасынын көлөмү 30 процентке жогорулаарын кабарлады.

50 жылдыкка арналган салтанатка Орусиянын улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Николай Лаверов, Украинанын илимдер академиясынын президенти Борис Патон, Азербайжан, Өзбекстан, Тажиктан, Бангладеш, Нидерланды, Молдова мамлекеттеринин илимдер академиясынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы Анжум Хак айым кыргыз илимин өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап, мындан ары да колдоо болорун билдирди.

Кыргыз улуттук илимдер академиясында азыр 218 аспирант окуйт. Өткөн жылы жогорку окуу жайлар үчүн илимдин 7 докторун, 41 кандидатын даярдап чыгарган.

XS
SM
MD
LG