Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Токой чарбасына байланыштуу программага кол коюлду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте биринчи жолу “Токой саясаты: проблемалар жана аны чечүү” деген аталыштагы конгресс болуп өттү. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистандын токой чарбаларынын кызматкерлери катышты.

Өкмөт башчы Николай Танаев 2005-2015 жылга эсептелген токой саясаты боюнча программага кол койгондугун билдирди. 2002-жылдагы глобалдык тоо саммитинин алкагында өткөрүлгөн бул конгрессте Борборазия аймагындагы токой
чарбасынын учурдагы абалы, ага байланыштуу проблемаларды чечүүдөгү иш чаралар каралды.

Өлкөдө токой саясаты негизинен токойду жамаатык система менен иштетүүгө, жергиликтүү жашоочуларды токой иштерине тартууга багытталгандыгы айтылды.
Учурда Швейцариянын, Нидерландиянын, Германиянын көмөгү менен токой чарбасын жакшыртуу жана экосистеманы, биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча программалар иштелип атат. Кыргызстандын аймагынын 4,5% токой ээлейт.

XS
SM
MD
LG