Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Партияларга мүчө аялдар шайлоодо колдоого үмүт артышса болот


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Аялдарды саясий партиялар аркылуу саясатка аралаштыруунун стратегиясы» деп аталган үч күндүк семинар башталды. Ал БУУнун Өнүгүү программасынын, Швециянын эларалык өнүгүү агенттигинин «Кыргызстандын саясатында гендердик теңдикти өнүктүрүү» аттуу долбоорун жыйынтыктап, өлкөдөгү 13 саясий партиянын өкүлдөрүнө эмдиги жылы боло турган парламенттик шайлоого катышуунун жол-жобосун үйрөтүүдө.

Буга чейин Швециянын «Спунбредан» компаниясы парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган 100 аялды окутту. Андан тышкары бейөкмөт уюмдар ассоциациясы Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге 280 аялга билим берип, саясатта аялдар теңдигин камсыз кылуу жолдорун үйрөттү.

XS
SM
MD
LG