Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү


БИШКЕК. Бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында КМШнын аскерий кызматташтыгы боюнча 2010-жылга чейин аткарылуучу иштердин пландары талкууланды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле абадан коргонуу, кадрларды окутуу, укуктук-нормативдик базаны түзүү маселелери, аскерий кызматташууну арттыруу аракеттери каралды. Келээрки жылда белгиленүүчү Улуу ата мекендик согуштун 60 жылдык мааракесине байланыштуу бир катар маданий иш чараларды өткөрүү макулдашылды.

Ушул эле күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны болуп, аскерий экономикалык кызматтыштыгынын комиссиясын жана жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ири аскердик бирикмесин түзүү маселеси талкууланды.
Жыйынга коргоо министри Эсен Топоев баштаган делегация катышты.

XS
SM
MD
LG