Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Акыйкатчы депутаттыкка аттанышы мүмкүн


БИШКЕК. «Эркин Кыргызстан» прогрессивдүү-демократиялык партиясы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун азыркы ишин таштап, партиянын атынан парламенттик шайлоого катышуусун өтүндү. Акыйкатчыга мындай ырасмий кат жолдонгондугун бүгүн «ЭрК» партиясынын азыркы жетекчиси Бектур Асанов билдирди. Анын айтымында, буга партия өкүлдөрүнүн суроо-талаптары түрткү болду. Ал эми Турсунбай Бакир уулу сунуш боюнча ойлонуп, кийинчерээк бир чечимге келээрин билдирди. Ал буга чейин өкмөткө койгон эки талабы аткарылбаса парламенттик шайлоого катышаарын жарыя кылган.

Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, азыр эки талабынын бири, тактап айтканда, акыйкатчынын аппаратында иштеген кызматкерлерди мамлекеттик кызматкерлердин катарына кошуу талабы орундалды. Ал эми каражатты өзү сурагандай көлөмдө бөлүү маселеси азырынча чечиле элек. Ал өткөн жылы сураган 20 миллион сомдун 14 миллионун алган. Ал эми 2005-жыл үчүн 25 миллион сом сураса каржы министрлиги 16 миллион сом бөлүүгө камданууда.

XS
SM
MD
LG