Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Украинадагы шайлоонун жыйынтыгына кыргыз саясатчыларынын пикирлери


БИШКЕК. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарып, атаандашып жаткан эки талапкердин бири, Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович жеңишке жетишкендигин жарыя кылды. Украинадагы оппозиция менен өкмөтчүл күчтөрдүн тирешүүсүн күчөткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына Кыргызстандагы саясатчылардын да пикири ар кыл.

Мисалы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Коммунисттер партиясынан шайланган депутаты Орозбек Дүйшеев Виктор Януковичтин жеңишин кубаттай тургандыгын билдирди. Анын ою боюнча Украина менен Орусиянын ымаласын күчөтүүгө ыктаган Виктор Януковичтин саясатын колдоо зарыл, анткени, коңшу мамлекеттер ошондой саясаттын негизинде гана өнүгүшү мүмкүн.

«Эки ири өлкөнүн мына ушундай ымаласын каалабаган батыш мамлекеттери Виктор Ющенкону колдоп, ич ара араздашууну ырбатып жатат»,-деди Орозбек Дүйшеев.

Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу оппозициянын өкүлү Виктор Ющенкону колдоорун билдирди. Анын баамында Украинага Ющенко убада кылгандай ири реформалар зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG