Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Турсунбек Акундун жоголушу партиялардын Таластагы бөлүмдөрүн түйшөлткөн жок


ТАЛАС. Кыргызстан компартиясынын Талас бөлүмүнүн мүчөлөру Мамат Тостоков, Мухамед Жайылов укук коргоочу Турсунбек Акуновдун дайынсыз жоголгондугуна облустагы саясий партиялардын бөлүмдөрү кайдыгер экендигине тынчсыздануу билдиришти. Алардын айтымында Таласта эл менен активдүү иштеп жатат деген «Алга Кыргызстан!», «Адилет» партиялары өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын биринчи планга коюп, коомдо тамырлап бараткан кадрдык, экономикалык коррупцияга, адам укуктары менен эркиндиктеринин тебеленип жатышын билсе да билмексен.

Коммунисттердин айтымында, жогорку эки партиянын билетине жамынгандар депутаттык мандант үчүн эмитен эле элге акча тарата башташты. Ал эми облустагы адам укуктарынын сакталышы, элди экономикалык кыйынчылыктан алып чыгууга алар анча маани беришпейт. Коммунисттер өлкөдөгү ушундай абалга баа берген жыйынды 2-декабрда Таласта өткөрүүгө даярдык көрүүдө.

XS
SM
MD
LG