Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

“Кыргызстан элдик кыймылынын” Ош облустук бөлүмү жыйын өткөрдү


ОШ. Конференцияда «Кыргызстан элдик кыймылы» бирикмесинин штаб башчысы Үсөн Сыдыков аталган кыймылдын уюштурулуш зарылдыгы, максаты тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө “азыркы парламенттин он тогуз мүчөсү гана эл үчүн күйүп-жанып иштегендер, калгандары өз көмөчүнө гана күл тартып жүрүшөт” деп баалады.

Жыйында сүйлөгөндөр келээрки жылы февралда өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоодо «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий бирикмесине кирген партиялардын мүчөлөрүн гана депутатыкка шайлоого чакырык ташташты. Конференцияда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу кабыл алынып, анда келечекте өлкөнүн экономикалык жана саясий абалын көтөрүү, келээрки жылы болуучу депутаттык жана президенттик шайлоолорду демократиялык жол менен өткөрүү каралган.

XS
SM
MD
LG