Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Эки миңдей аксылыктар митингге чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн Жалалабад облусуна караштуу Аксы районун Каражыгач айылында Акжол, Жаңыжол, Каражыгач, Карасуу, Кызылтуу айыл өкмөттөрүнөн
эки миңден ашуун адам катышкан санкцияланбаган митинг болуп өттү. Митингдин күн тартибинде, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу, “Кыргызстан элдик кыймылына” байланыштуу маселелер каралды. Бул тууралуу Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин түштүк региону боюнча орун басары Кубаныч Маматкеримов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Митингге катышуучулар кыргыз элине, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчиликтерине, дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо уюмдарына, өлкө аймагындагы бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдошту. Анда “Турсунбек Акундун тез арада сак-саламат изделип табылышына бийликтин көмөк көрсөтүүсүн, буга күнөөсү бар тиешелүү адамдарга мыйзам чегинде жоопко тартылышын катуу талап кылабыз. Экинчиден, "Кыргызстан элдик кыймылына" колдоо көрсөтүүсүн кыргыз элинен суранабыз. Үчүнчү, эгерде Турсунбек Акун уулу тез аранын ичинде табылбаса Аксы эли Турсунбек Акун уулун коргоо үчүн ар кандай акцияларга, жөө жүрүштөргө даярбыз”, деп айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG