Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

ГОЛЛАНДИЯ ЖАНА МУСУЛМАН ИММИГРАНТТАРЫ


400-жылдан бери Голландия диний эркиндиктер урматталган, толеранттуу өлкөнүн үлгүсү катары бааланып келаткан. Бирок мындан 40 жылча мурун Голландияга чет жерлерден, көбүнесе мусулман өлкөлөрүнөн миңдеген жумушчулар алынып келе баштады. Алардын басымдуу бөлүгү эч качан жергиликтүү тилди да үйрөнгөн эмес. Натыйжада өлкөдө 1 миллионго жакын улуттук азчылык пайда болду. Таанымал режиссер Тео ван Хоктун мусулман жигит тарабынан өлтүрүлүшү жана андан кийнки окуялар мусулмандар менен христиандар ортосундагы бөлүнүп жарылуу эбак эле пайда болгонун айкын далилдегенсиди.

1960-жылдан 90-жылдарга чейин Нидерландынын гастарбайтерлерге же чет өлкөлөлүк кара жумушчуларга карата мамилеси көп маданияттууулук принцибине негизделип келген. Башкача айтканда, өкмөт Марокко, Түркия жана башка мусулман мамлекеттеринен келгендерге өз тилин, маданиятын сактап, өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтчү.

Амстердамдык саясий изилдөөчү Андре Круувел Голландиянын бийлиги иммигранттар бул жерде көпкө кармалбасын деп, ошондой саясат жүргүзгөнүн айтат:

-Өкмөт улуттук азчылыктарды убактылуу жумушчулар катары кабыл алып, алар чектелүү бир мөөнөткө келишкен, акыр аягында өз мекендерине кайтышат деп эсептечү. Андыктан келгиндер өз тилинде сүйлөп, өз маданиятына ылайык жашап келишкен.

Бул кыйды ниет Амстердам өкмөтүнө таяк болуп тийди. Айрым иммигранттар өз жерлерине кайтып кетишти. Көпчүлүгү болсо голланд жергесинде калууну тандашты. Натыйжада нидерланд коому экиге бөлүнүп калды: жакшы таалим-тарбия алган түпкүлүктүү эл жана билими төмөн, кара жумушта иштеген мусулмандар.

Белгилүү режиссер Тео ван Хоктун киши колдуу болушу мындай жарылып-бөлүнүүгө чекит коюш керек деген маселени көтөрүп, иммигранттар коомго тезирээк интергацияланууга тийиш деген апаздар көбөйө баштады:

-Ван Хок марокколук жигит тарабынан өлтүрүлгөндө “ислам абдан кооптуу дин, мусулмандар тымызын душмандар” деген эл арасындагы пикирди далилдегенсиди. Бул окуя интеллектуалдар, орто класс арасындагы чоң дискуссияларга түрткү болду. Алардын айтымында, биз жылдар бою мусулман иммигранттарга карата өтө жумшак позиция ээлеп келдик. Мындай пикирге ултраоңчулдар жана алардын тарапкерлери да кошулат, - деп эсептейт иммиграция саясаты боюнча адис, Амстердам университетинин профессору Майндерт Феннема.

Ал эми интеграция, Круувелдин ою боюнча, төмөнкү жолдор менен жүргүзүлүүгө тийиш:

-Улуттук азчылыктар өзүнчө уюшмаларга, маданий, спорт, саясий уюмдарга, ар кандай өкүлчүлүктүү уюмдарга ээлик кылган модель жарабай калды. Иммигранттар эми Нидерландынын негизги уюмдарына камтылышы керек.

Албетте мындай саясат иш жүзүндө кандай иштеп кетээри, бул идеяны эл кандай кабыл алаары белгисиз.

Круувел калыптанып калган көз-караштар бир эле күндө өзгөрө калбайт деп эсептээрин кошумчалайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG