Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

А. Абдувахабов жети жылга абакка кесилди


Ташкен шаардык сотунун мүчөсү Асрор Сагатовдун сөзү боюнча, сот Абдувахид Абдувахабов жана анын шериктерин “Эркин Европа/Азаттык”, “Америка авазы” жана “Би-би-си” радиолорунун “диний экстермизмди жана жикчиликти ташбыйкаттаган берүүлөрүн жазып алып эл арасында таратып, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө коркунуч туудурду” деп тапты.

Айыпкер өз ынактары менен “өкмөттүн саясатын жана өлкөдөгү демократиялык өнүгүүнү таңкыт кылган” үнтасмаларды жана басма материалдарды ай сайын чыгарып, эл арасында тараткан деп кошумчалады соттун мүчөсү.

XS
SM
MD
LG