Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

МАГАТЭ Ирандын ишин карап жатат


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин директору Мохамед эл-Барадейи кеңештин иши башталар алдында Иран убада кылынгандай элеуранды байытуу программасын токтотту, бирок уранды байытуучу жабдууларды ядролук материалдарды колдонбой иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Эл-Барадейи:

–Адегенде Иран тийиштүү маалыматтарды жаап-жашыргандан улам, биз ишти чоң кыйынчылыктар менен баштасак да, жакшы эле ийгиликке жетиштик деп айта алабыз. Өткөн жылдын декабрынан бүгүнгө чейин кызматташуу олуттуу жакшырганына күбө болуудабыз.

МАГАТЭнин инспекторлору акыркы эки жылда Ирандын өзөктүк программасын текшерип, анын атомдук курал жасаганын ырастаган далилдерди табышкан эмес. Анткен менен Вашингтон ырасмий Тегеранды атомдук куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп айыптап келет.

Кечээ күнү Евросоюз мурда Иран менен түзүлгөн уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү келишимге айрым жабдууларды, анын ичинде центрифугаларды киргизбөө жөнүндөгү Тегерандын өтүнүчүн четке какты. Келишим өзү апта башында күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG