Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯСАТЧЫЛАРДЫН УКРАИНА КРИЗИСИНЕ КӨЗ КАРАШТАРЫ КАНДАЙ?


Украинадагы президенттик шайлоо жана ага байланышкан саясий кырдаал кыргызстандыктарды да кайдигер калтырган жери жок. Айрыкча саясий чөйрөдө Украинадагы жагдайга ар түрдүү пикирлер айтылууда.

Украинадагы саясий кырдаалга байкоо жүргүзүп жаткан кыргызстандык айрым саясатчылар кризис чыр-чатаксыз, даанышмандык менен чечилеринен үмүттөнүп турушат. Жагдай опурталдуу деп санаган саясатчылар болсо Украинадагы кризис ич ара согушка чейин жетиши ыктымал деп болжошууда. Алардын бири - «Арнамыс» партиясынын башчысынын орун басары Эмил Алиев:

- Украинада кырдаал абдан начар. Эгер ушинтип турса, Украина коомчулугу бир жагынан АКШ, бир жагынан Россия колдоп, батыш-чыгыш болуп, жарандык согушка чейин барышы мүмкүн. Мындай дестабилизация – эң жаман көрүнүш.

Эмил Алиевдин ушул көз карашына үндөш пикирин Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да билдирди. Анын айтымында, Украина демократиялык реформаларга муктаж жана аны Виктор Ющенко өңдүү демократ лидерлер ишке ашыра алышат.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевдин пикиринде кризис утулуп калган Виктор Ющенкого Батыштын көп каражат чыгымдап койгонунан келип чыгып атат. Алар муну Украинаны Орусиядан ажыратуу максатында жасашты, - дейт Дүйшеев.

Коммунист депутаттын ишениминде, бул өлкөдө кырдаал акырындык менен жумшарып, саясий турмуш өз нугуна түшөт:

- Азыркы премьер-министр туура шайланды. Ал өндүрүштү жакшы билген адам. Коммунисттер ушул кишини колдойбуз.

Кээ бир көз караштарда Украина Орусия менен Батыш кызыкчылыктарынын кагылышуу аймагына айланып, анын кесепетинен эл жабыркап жатат. Оппозициялык маанайдагы «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Бектур Асановдун айтымында Украинага АКШга караганда Европа мамлекеттери көбүрөөк таасир этип жатат жана Батыш өлкөлөрүнүн демократиялык принциптерге таянуу аркылуу ынанымдуу кадам жасоодо:

- Кеп кайсы держава кандай негизге таянып жаткандыгында. Менимче, Европа азыр адилет шайлоого, демократиялык принциптерге таянып алып иш жасап атат. Булардын аргументтери так, ачык болуп атат. Ал эми Россия болсо өзүн колдогон күчтү бийликтин күчү жана жасалма жол аркылуу өтсө да колдоп атат.

Украинадагы шайлоонун тыянагын Борбордук шайлоо комиссиясы туура эмес чыгарды деген байкоочулардын бири «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова. Украинадагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышып келген Абдрасулова өзүнүн пикирин мындайча негиздеди:

- Тиркеме күбөлүк (открепительное удостоверение) деген бар. Ошону менен миңдеген-миңдеген адамдарды автобус менен алып жүрүп, Черкасск жана башка облустарга Днепропетровск, Донбасс жактардан алып келип, добуш бердирдип атышты. Аны бийлик адамдары өздөрү жасап, милиция узатып, күзөтүп жүрүштү. Ал боюнча ЕККУнун байкоочулары өңдүү эл аралык байкоочулар өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.

Ал эми Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев Украинадагы шайлоодо чыныгы мыйзам бузууларга караганда саясатташкан жагдай күчтүүлүк кылып жатканын белгиледи:

- Эгер баамдасаңар ал жерде саясат көбүрөөк болуп жатат. Конкреттүү участоктор, округдар боюнча конкреттүү мыйзам бузууларга байланышкан сын-пикирлер жок. Жасалмалуулук бар.

Ошондой эле Иманбаев Украинадагы бүгүнкү кырдаалды өнүгүүнүн бир баскычы катары баалайт жана АКШдагыдай шайлоо маданияты постсоветтик өлкөлөрдө акырындык менен калыптанарына ишенет.

Украинадагы кризисти оңой менен токтотуу мүмкүн эмес деп эсептеген айрым саясатчылар Кыргызстан ушул өңдүү кырдаалга тушукпаш үчүн күтүлүп жаткан парламенттик жана президенттик шайлоолордун акыйкаттыгын камсыздоо керек дешүүдө. Шайлоонун демократиялуу жана таза өтүшүн камсыздоо бийликтин жана борбордук шайлоо комиссиясынын колундагы иш дешет алар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG