Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

ЕВРОПАГА САЯСИЙ СЫПАЙЫЛЫКТЫН ЗЫЯНЫ ТИЙҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Нидерланд же анын Бельгия менен Дания сыяктуу кошуналары Европанын эң демократиялуу жана кандай болбосун улуттар же диндерге жол берген либералдуу өлкөлөр. Бирок акыркы жылдарда өлкөдөгү коомдук пикир өзгөрө баштады жана анын натыйжасында улут же дин аралык маселелерден чыккан чатактардын саны көбөйдү.

Нидерланддын либералдык тартиптеринен пайдаланып, бул өлкөгө башка мамлекеттерден абдан көп иммигрант келет жана акыркы 40 жылдын ичинде өлкөнүн 16 миллион калкына бир миллиондон ашык мусулман адам кошулду, андан эми бир топ маселе чыгууда.

Арзан жумуш күч табыш үчүн Марокко же Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн көптөгөн жумушчу алып келинген, ошондуктан кээ бир эксперттердин айтымында, акыркы кезде Нидерланддагы жумуш иштөө сапаты бир кыйла төмөндөп кетти. Кээ бир шаарларда жалаң келгиндер жашаган аймактар пайда болду жана алардын ичинде азыр кылмыштуулук менен жакырчылык күч.

Либералдуу тартиптен чыккан дагы бир эреже - келгиндерди жана алардын балдарын өз тилинде окутуу, алар үчүн атайын маданий борборлорду түзүү саясаты дагы өлкөгө ойдогудай жыйынтык алып келген жок. Иммигранттар негизинен өз тилинде сүйлөп, жергиликтүү калк өз маданиятында калгандыктан, коомдо ажырым пайда боло баштады. Өлкөдөгү жалпы жагдай да бир кыйла бузулууда, алар бутуна туруп, балдарын чоңойтуп алып, кайра мекенине кетет деген үмүт суу кечпей калды.

Андай саясий сыпайылыктын жыйынтыгы катары 1990-жылдардын башында өлкө саясатчылары шайлоо өнөктүгү учурунда мигранттар маселесин көтөрбөө тууралуу макулдашкан. Маселе жогорку деңгээлде талкууланбагандыктан, ал эл арасындагы талаш-тартыштарга жем берип, акыркы жылдарда өлкөдө улутчулдук күч ала баштады жана ал кээде кайгылуу окуяларга да алып келүүдө.

Өлкөдө 2002-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоо алдында белгилүү улутчул, профессор Пим Фортейн өлтүрүлдү, ал мурда Нидерланд маданиятынын исламдашып баратканына каршы чыгып, өлкөнү иммигранттар үчүн жабууга чакырып келген.

Ага карабастан, анын партиясы шайлоодо экинчи орунга чыккан жана бир топ аналитиктер азыр Фортейндин саясаты жалпысынан алганда өтө оңчул жана улутчул болгону менен, кээ бир маселелерди ал туура көтөргөн деген пикирде. Амстердам шаарындагы Эркин университеттин эксперти Андре Кроуэлдин пикиринде, Фортейндин көз караштарын толук бойдон чанбаш керек:

-Пим Фортейн иммиграция маселесин өз кызыкчылыгында пайдаланган, ал бул проблеманы саясий деңгээлге көтөрдү. Түзүлгөн саясий абал үчүн оңчулдар исламды күнөөлөп келген, ал эми солчулдар маселени түшүндүрө да алган эмес жана албетте, аны чечүүгө да жакындай албаган. Маселеге биз эми гана көңүл бура баштадык, улуттук азчылыктардын өлкө саясатындагы орду тууралуу эми гана ойлонууга кириштик. Мурда бул маселе саясаттан таптакыр чыгарылып салынган, сиз ал жөнүндө сүйлөй да албайт болчусуз.

Амстердам университетинин профессору Майндерт Феннеманын пикиринде болсо саясий сыпайылык саясаты маселени талкуулоого жол бербегендиктен өлкөгө көп зыян тийди:

-Иммигранттарды өлкөгө алып келүү саясаты менен кошо кандайдыр бир анти-расисттик да саясат өмүр сүрдү, андай иммиграцияны токтотуу турсун, келгиндерге каршы сөз айтуу да коркунучтуу болчу, сизди дароо оңчул жана улутчул деп күнөөлөшчү жана биз өз өлкөбүзгө кожоюн эмеспиз дегендей сезим пайда болгон.

Ислам адаттарын ашкерелеген даректүү кино тарткан режиссер Тео ван Гог ноябрдын башында өлтүрүлгөнү дагы коомдогу талкууну ого бетер күчөттү, бирок көпчүлүк эксперттердин пикиринде, унчукпай койгондон көрө маселени ачык талкуулаган жакшы.
XS
SM
MD
LG