Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

ЖАЗУУЧУ ЗУУРА СООРОНБАЕВА 80 ЖАШТА


Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 80 жылдык мааракесине арналып 24-ноябрда Кыргыз драма театрында «Баян» спектакли коюлду. Ал эми 25-ноябрда Улуттук опера-балет театрында жазуучунун 80 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди.

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны куттуктаганы келген эл маараке ээсинин сахнага чыгуусун кол чаап күтүшүп, алгачкы куттуктоо сөздү вице-премьер-министр Токтобүбү Айтикеева президент Аскар Акаевдин Зуура Сооронбаевага жолдогон куттуктоосун окуп берүү менен баштады:

-Жараткан ыроологон 80 жаш курагына келсеңиз да чыгармачылык отуңуз өчпөй, кыргыз окурмандарын кубанткан, Атамекенге, адамдар ортосундагы ак мамилелерге арналган чыгармаларды жаратып жатасыз. Кыргыз эл-журтуңуздун сыймыгы болуу менен бирге элдин купулундагы чыгармаларды дагы да жарата берериңизге ишенем. Бар болуңуз, урматтуу Зуура Сооронбаевна! Кыргыз республикасынын президенти Аскар Акаев.

Кыргызстан жазуучулар кошунунун төрагасы Надырбек Алымбеков Зуура Сооронбаеванын жазуучулук устаттыгын белгиледи:

-Биз жазганды «Астра гүлүнөн» баш болгон сиздин чыгармалардан үйрөндүк. Элиңиздин сый-урматын Кудай кут кылсын сизге!

Жазуучу Зуура Сооронбаеванын «Астра гүлү» повестинен тарта «Жапайы розалар», «Жетимдер», «Ленинграддан келген кат» жана кийинки учурдагы «Сынган мазар», "Байлык жана махабат", «Баян» жана башка чыгармалары учурда кыргыз журтчулугуна кеңири тарады.

Жазуучунун «Баян» спектакли жөнүндө республикага эмгек сиңирген мугалим Салима Нурова мындай пикирин айтты:

- Бул спектаклде учурда элибиз башынан кечирип аткан көйгөйлөр козголуптур. Чыгарманын тарбиялык мааниси абдан чоң. Бул чыгарманы көрүп, биринчиден олуттуу проблеманы учурунда чагылдырганына ыраазы болсом, экинчиден ичкиликке, баңгиликке берилип, ата-энесин куураткандарды көрүп ыйлабадыкпы…

Кыргыз эл жазуучусу, эл аралык «Кутман эне» сыйлыгынын ээси Зуура Сооронбаеванын маараке кечеси жазуучунун өзүнүн элге арналган ырын окуп берүүсү менен аяктады:

-Бак-таалайым эл-журтум, силерсиңер
Барк-баамды силер гана билесиңер,
Сыныңарга толсом да, толбосом да,
Калемимди курчутуп келесиңер.

Улгайсам да удургуп көңүлүм жаш,
Силер берген сүйүүдөн жүрөгүм шат.
Жакынымдай жан тартып турасыңар,
Бириң эмес, баарыңа миң ырахмат!
XS
SM
MD
LG