Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

САЯСАТЧЫЛАРДЫН КАДЫР-БАРКЫ КАЛЫС БААЛАНАБЫ?


Султан Раев, Бишкек Кыргызстанда чоң саясий окуялар жакындап келатат. Алардын алдында ар кандай топтор, басылмалар саясатчылардын рейтингин аныктаган иш чараны активдүү колго ала баштайт. Албетте бул өзү дүйнөлүк практикада кеңири жайылган усул, бирок ал чындап эле саясатчылардын беделин аныктаган так маалыматты береби?

Акыркы учурларда Кыргызстандагы саясатчылардын беделин аныктоо социологиялык изилдөөнүн талабынан эмес, саясий кызыкчылыктардын талабына карап жүргүзүлө баштады.

Арийне, социология өзү түпкүлүгүндө саясий илим, ошол себептүү ага илимий мааниден кароо керек дешет эксперттер. Демек, саясатчылардын беделин аныктоодо социологиялык изилдөө усулдары илимий көз караштардын чегинде жүргүзүлүшү шарт. Ал эми өлкөдөгү саясий кампаниялар алдында жүргүзүлүп жаткан социологиялык изилдөөлөр, айрыкча ар кандай басылмалар тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий рейтингдер эч кандай социологиянын талабына жооп бербейт.

Тескерисинче алар көбүнесе тигил же бул саясатчынын имиджин аныктоодо субъективизмге, башкача айтканда көбүргөн-жабырган имиджди жаратууга кызмат кылат.

Бул рейтингдерди изилдөө да кескин эки нукка бөлүнгөн. Бийликчил топ бийликтин жасалма беделин түзүүгө аракет кылса, оппозиция өз лидерлеринин беделин көтөрө чабууга далбас кылат. Ал бул эки ачакей иликтөөдөн чындыкты, чыныгы картинаны алуу кыйын дешет социологдор. Бул маселенин негизги жагдайын философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев мындай түшүндүрдү:

- Социологиянын дүйнөлүк илим катары социалдык чындыкты изилдөө боюнча ыкмалары бар. Ал эми бүгүнкү күнү «Бшкек таймс», «Общественный рейтинг» деген гезиттерде эч кандай илимдин жыты да жок. Калктын ишенчээктигинен пайдаланып ушунчалык эксплуатациялаган. Бул - илимий ыкмага жатпайт.

Өлкөдө социологиялык иликтөөлөр көп эле жүргүзүлгөнү менен анын жыйынтыгы көбүнесе туюк бойдон, элге жарыя кылынбай калган учурлары көп кездешет. Бул албетте, реалдуу социологиялык изилдөөлөргө карата айтылган кеп.

Ал эми атайын саясат үчүн, коомдук пикирдин көзүн жазгаруу үчүн айрым изилдөөлөр бийликчил басма сөздөргө байма-бай жарыяланып турат. Социология бул коомдун чоң саясий куралы, бирок анын чыныгы күчүн бийлик билгиси келбейт.

Өлкө азыр шайлоолор алдында турат, ушул тапта бир нече социологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Бирок алардын жыйынтыгы бир ууч адамдарга эле белгилүү болсо, жалпы элге белгилүү эмес. Бул жагдайга өзүнүн көз карашын саясат таануу илиминин доктору, профессор Жолборс Жоробеков минтип ортого салды:

- Бул рейтингдер бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын саясатындагы лидерлердин рейтингин таптакыр көрсөтпөйт. Бул жерде субъективизм абдан көп. Бул - социологиянын да, рейтинг чыгаргандын дагы, дегеле илимдин кадыр-баркын кетирген, болбогон иш деп айтар элем.

Коомдун күзгүсү - социологиялык изилдөөлөр. Бирок бул маанилүү маселе бүгүн өлкөдө чындыкты кашкайта көрсөткөн коомдук детекторго айланды. Арийне, чындык ачуу, мына ушул жагдайдан улам аны көп адамдар, айрыкча өз беделинин чыныгы баасын билүүнү эңсеген саясатчыларга ошол чындык көп жага бербейт дейт байкоочулар.
XS
SM
MD
LG