Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

ЭЛАРАЛЫК БАНКТАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСАТЫН ТАКТАДЫ


Жума күнү Кыргызстанга көмөк көрсөтүп келаткан Дүйнөлүк банктын, Азия өнүгүү, Ислам өнүгүү жана Германиянын өнүгүү банктарынын Кыргызстандагы долбоорлору жана келечек багыттарына арналган жыйын болду.

Жыйын Дүйнөлүк банктын, Азия өнүгүү, Ислам өнүгүү жана Германиянын өнүгүү банктарынын Кыргызстанда мындан ары жүргүзө турган саясаты жана ага жараша ишке ашыра турган долбоорлорун аныктап алуу максатын көздөдү. Ушундан улам жыйынга аталган банктардын жетекчилеринен тышкары кыргыз өкмөтүнүн премьер-министр Николай Танаев баштаган мүчөлөрү катышты.

Жыйында банктын өкүлдөрү өзүлөрүнүн Кыргызстанда буга чейин ишке ашырган долбооруна баа берип, кемчиликтерди белгилешти.

Азия өнүгүү банкы 1994-жылдан бери Кыргызстанга 538 миллион долларды түзгөн 22 кредит берген. Анын тогузу ишке ашып, азыр 13ү аткарылып жатат. Бирок бул долбоор үчүн берилген 126 млн. 600 миң доллар азырынча алына элек. Бул банктын көп долбоорлору Кыргызстандын автожолдорун оңдоого, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Ал эми Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жалпы суммасы 700 миллион долларлык 30 долбоорду ишке ашырууга бел байлаган. Анын ичинен 10 долбоор үчүн 503 миллион берилди. Банк азыр 280 миллион долларлык 16 долбоорду ишке ашырып жатат. Дүйнөлүк банк булардын ишке ашырылышын жалпы жонунан канааттандырарлык деп баалоодо.

Бирок энергетика тармагында структуралык кайра түзүүлөргө багытталган SICAC программасынын жана айыл чарбасынын сугат тармагын жакшыртуу долбоорунун ишке ашышына канааттанган жок.

Ушундан улам Дүйнөлүк банк 31-декабрдан тарта CISAC программасынын акыркы траншын берүүдөн баш тартты. Банктын кредиттик программасынын жетекчиси Динара Жолдошеванын айтымында, буга кыргыз өкмөтүнүн саясий маселелерди өз убагында чечпей койгондугу себеп болду:

-Өкмөт эң маанилүү саясий маселени чечүүнү долбоордун эң акыркы жылына калтырып койду. Алар бул мезгил саясий жактан абдан татаал болорун абдан жакшы билишчү, себеби парламенттик, президенттик шайлоо алдында энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин чечүү мүмкүн эмес экени белгилүү да. Алар үч жыл бою эмне кылышты? Менин оюмча, энергетика тармагында реформаларды жүргүзүүгө өкмөттүн катуу ишеними болгон жок. Алар реформа жасайбыз дешти, бирок анын ээси катары аракет кылышкан жок.

Дүйнөлүк банктын өкүлүнүн мындай дооматына жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев макул болбой, программанын өзөгү башында эле натуура болгон жана банк өкмөткө өтө катуу талап коюп жатат деген оюн билдирди:

- Силер башынан баштап эле долбоорду ишке ашыруу боюнча өтө катуу жана татаал талаптарды коюп жаткан жоксуңарбы? Башында энергетика тармагын үч компанияга бөлөлү деп сүйлөшүлгөн. Биз тармакты үч компанияга бөлгүчөктү үч жыл өттү. Анан азыр бул реструктуризация программасы ката болгон деген ойго келген жоксуңарбы? Албетте, муну биз долбоордун алгачкы жылы сүйлөшсөк болмок. Биз башында кайда барарыбызды, кандай натыйжага ээ болорубузду аныктап алышыбыз керек эле.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Крис Лавлейс Кубанычбек Жумалиевдин сын пикирине макул эместигин билдирди жана анын мындай ойго келишине энергетика тармагында реформа жүргүзүүнүн өтө татаалдыгы таасир тийгизип жаткандыгын да белгиледи:

-Мен жыйында айткандай башында шарттар өкмөт менен талкууланган жана өкмөт ага макул болгон. Бул - банктын шарты эмес. Бул - саясат жана реформа жүргүзүү боюнча өкмөттүн көз карашы. Башынан тарта эле көйгөй - шартта эмес, анын аткарылышында болчу. Иш жүзүндө реформа жарым-жартылай гана жүргүзүлдү. Анан техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу аракети көрүлгөн жок.

Талкуудан кийин кыргыз өкмөтү менен эларалык донор уюмдардын мына ушундай карама-каршылыгын жоюу үчүн 2005-жылдагы аракеттин планы кабыл алынды. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсү боюнча, анын негизинде өкмөт менен банктардын иш-аракеттери бир ыргакка салынып, долбоорлор бири-бирине айкалыштырылат.
XS
SM
MD
LG