Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

УКРАИНАДА АКЦИЯЛАР УЛАНУУДА


Бакыт Аманбаев, Киев Украинанын борбору Киевде 22-ноябрдан бери көп эл катышкан митинг уланууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары Киевдин борборундагы Эркиндик аянтында төрт жүзгө жакын чатырларын тигишип, конуп-түнөп, күндүз митингге чыгышууда. 26-ноябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Ховьер Солана, Польшанын президенти Александр Квасьневски Киевде Украинанын президенти Леонид Кучма менен жана оппозициянын лидери Виктор Ющенко менен жолугушту.

Нааразылык акциясы адеп башталган күндөн тартып эле митинг өтүп жаткан Хрещатик деп аталган көчөнүн башталышында төрт жүздүн тегерегинде чатыр тигилген. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында чатырлар тигилген аянт тегерете тосулган. Бул аянтка атуулдар төрт жерден, атайын документтерин көрсөтүп кирип жатышты. Биз адегенде чатырлар тигилген аянттын жетекчисин сөзгө тарттык:

-Палаткалардын саны адегенде 300 эле, кечээ дагы бир нече чатыр тигилип, чатырлардын саны көбөйдү. Ар бир чатырда алты-жетиден адам жашоодо. Алар Украианын ар кайсы областарынан келген атуулдар. Алар ушул жерден тамак жасап ичишүүдө. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мына өзүнүз көрүп тургандай Киевдик тургундар эски уску кийим-кечелерин алып келип берип жатышат. Митингдин катышуучулары суу болгон кийимдерин алмаштырып алышууда. Киевдик тургундар бизге абдан жардам беришүүдө,- деди чатырлар тигилген аянтын жетекчиси Алек Борно.

Андан сон биз киевдиктер алып келип берген кийим-кечелерди кийип жаткан атуулдарга микрофон сундук:

-Киевдиктер кийим-кече алып келип берип жатышат. Мына биз жылуу болуш үчүн кийинип алдык. Тамакты да жакшы берүүдө. Мен Украинаны Черкассы обласынын Умань шаарынан келдим,-деди өзүн Галина Тарануха деп тааныштырган аял.

Анын жанындагы шериги буларды кошумчалады;

-Биз бул жерде 4 күндөн бери жашап жатабыз. Эл өз квартираларына алып барышып, түнөтүшүүдө. Биз жуунуп, тамак ичип жатабыз. Мына биз суу болгон киймди аламаштырып алдык. Жаңы кийимдер экен. Элге ыракмат. Кудайга ыракмат, - ушундай пикирин билдирди Таня аттуу аял.

"Силерге нааразылык акциясына чыккыла деп кимдир- бирөөлөр акча төлөп бердиби?" деген суроого палатканын бир жашоочусу мындайча жооп берди:

- Бизге - ушунча адамга эч убакта акча төлөп берүүгө мүмкүн эмес. Анткени биз бул жерге өзүбүздүн жеңишибизди, берген добушубузду коргоп алууга келдик. Бизди акча кызыктырбайт. Януковичтин тарапкерлери акчаны Киевге вагондор, автобустар менен алып келип жатышкан атуулдарга төлөп берип жатышат,-деди Иван Моршавка аттуу атуул.

Өлкөдө түзүлгөн мына ушундай кырдаалдан кандайча чыгууга болот деген суроого митиндин катышуучусу мындайча жооп берди:

-Мындай кырдаалдан жөн эле чыгабыз. Биз тарапка Украинанын тартип коргоо органдарынын бир катар кызматкерлери өз каалоосу менен өтүшүүдө. Жакынкы кундө эл тарапка Украианын куралдуу күчтөрү, ички иштер министрлиги толук өтөт. Эгерде алар мындай чечим кабыл алышпаса, биз аны түрдүү жолдор менен камсыз кылууга аракеттенебиз,-деди Виктор, ал митингдин катышуучусу.

XS
SM
MD
LG