Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Ферганада чегара проблемалары талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Ферганада «Бал челекчилер жана Фергана өрөөнүнүн чегара проблемалары» аттуу "тегерек үстөл" жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Анда Ферганадагы мамлекеттердин ортосундагы карым-катыш, соода-сатык алакаларындагы чегара, бажы проблемалары, бюрократиялык тоскоолдуктар талкууланып, анын тыянагы боюнча меморандум кабыл алынды. "Тегерек үстөлгө" Щвейцария элчилиги, ПРАГМА, Чыгыш Еворпа Демократиялык институту өңдүү уюмдар колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн Ферганадан «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG