Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:23

Кытай тартип коргоо тармагына техникалык жардам берет


БИШКЕК. Кытай эл республикасынын коомдук коопсуздук министрлиги Кыргызстанга 2 миллион юань өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтмөй болду. Буга байланышкан документке бүгүн аталган Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Янь Хуаннин менен Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Эрлан Абдылдаев кол коюшту. Макулдашууга ылайык 2 миллион юань каражаттын чегинде Кытай тарап Кыргызстандын ички иштер министрлигине «Жип» үлгүсүндөгү 10 автоунаа жана башка материалдык каражаттарды, чегара кызматына 20 автоунаа жеткирип берет.

Кол коюшунун алдында тараптар кызматташтык тууралуу пикир алышып, тартип коргоо тармагындагы тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани беришти. Бул тууралуу тышкы иштер министригинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG