Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Токой чарбасын реформалоого чет элдик уюмдар жардам берүүдө


БИШКЕК. “Аймактык токой саясаты: проблемалар жана аны чечүүнүн жолдору” деген аталыштагы конгресске катышкан эл аралык уюдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Кыргызстандагы токой чарбасын реформалоо багытында эларалык уюмдардын программасы иштеп жатканы белгиленди. Атап айтканда Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүү боюнча Швейцария өкмөтүнүн кызматташуу жана өнүктүрүү агенттигинин программасы 10 жылдан бери бир катар иштерди аткарган. Учурда ал программанын 4-этабы иштелүүдө.

Ошондой эле токой чарбасын реформалоого көмөктөшүү максатында Европа Биримдигинин “JAMP” (“Секирик”) программасы иштеп жаткандыгы айтылды.

Аталган Конгресстин негизги максаты токойду сактап калуунун жоопкерчилигин жергиликтүү элге жүктөп, токойду ижарага берип, жамааттык уюмдарды түзүүгө багытталган.

XS
SM
MD
LG