Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Э.Топоев: «АВАКСты» Кыргызстандын саясий жетекчилиги талкуулаган жок


БИШКЕК. «Манас» аба майданына АКШнын чалгындоочу «АВАКС» учактарын жайгаштыруу боюнча маалымат болгон, бирок бул маселени Кыргызстандын саясий жетекчилиги талкуулаган жок жана эч кандай чечим кабыл алган жок. Мындай пикирин Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев Москвада билдирди.

Топоев Орусияга КМШ коргоо министрлеринин 25-ноябрдагы отурумуна катышуу максатында барган. Бул тууралуу РИА «Новости» агенттиги кабарлады. Кытайдагы айрым обьектилерге мониторинг жүргүзүү максатында АКШнын «Авакс» чалгындоо учактарын Кыргызстанга жайгаштыруу ниети бары, бул маселени Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Орусияда талкуулашканы тууралуу буга чейин маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG