Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгонуна 10 күн болду


БИШКЕК. Бүгүн белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун үй-бүлөсү, туугандары, 20 чамалаш тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдына дагы пикетке чыкышты. Алар колдоруна “Атамды таап бергиле!” “Демократ балдарыбыз жоголо береби?” “Турсунбек Акундун жоголушу атайын кызматтардын же кылмыштуу топтун колунан келди”, деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Турсунбек Акунду издөө иштери жүргүзүлүп жатканын, азырынча эч бир маалымат жок экендигин билдиришти.

Ушул эле күнү өкмөт үйүнүн күн батыш тарабына “Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдатып жиберген 600 ашуун аманатчы пикетке чыгышты. Алар өкмөттөн акчаларын кайтарып берүүнү, бул маселеге күнөөлү адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылып турушту. Өкмөттөн эч бир өкүл чыкпаган соң алар тарап кетишти.

“Рентонгрупп” компаниясына байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында 3-декабрда каралышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG