Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Шамил Басаевдин жакын жардамчыларынын бири өлтүрүлдү


Орусиянын Итар-Тасс маалымат агенттиги бүгүн кабарлаганга караганда Ингушетиянын борбору Назран шаарында кечээ кечинде Шамил Басаевдин жакын жардамчыларынын бири - Ахмед Самбиев өлтүрүлдү. Аны кармоого келген аскерий топко каршы Самбиев ок аткан жана үч офицер жараат алды. Самбиев Чеченстанга же Сирия же Түркиядан келген деп айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG