Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Америкалык аскерлер Фаллужадагы тинтүү аракеттерин улантууда


Америкалык аскерлер Ирактын Фаллужа шаарындагы үйлөрдү биринин артынан бирин тинтүүнү улантууда жана түндө андай аракеттер учурунда эки аскер гранатага жарылып өлдү. Америкалыктар шаарды мындан бир апта мурда толук көзөмөлгө алганы тууралуу жарыялаган, бирок кээ бир аймактарда согушкерлер дагы эле калууда.

Өкмөттүн айтымында, Мосул шаарында Абу Мусаб аз-Заркавинин жардамчысы кармалды. Ирактагы куралдуу каршылыкты уюштурган деп күнөөлөнгөн Заркавинин башы үчүн АКШ 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG