Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

Украинадагы элдик толкундоолор уланууда


Украинанын борбору Киев шаарындагы элдик толкундоолор төрт күндөн бери уланууда. 25-ноябрда Киевге Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса келген, жыйырма алтысында Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавье Солана келди, алар бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо премьер-министр Виктор Янукович жеңди деп жарыяланган, бирок добуш берүү учурунда болгон мыйзам бузуулар текшерилген эмес. Оппозициялык талапкер Виктор Ющенконун колдоочулары бүгүн Януковичти өкмөт үйүнө киргизбей койду. Өлкөнүн Жогорку соту Януковичтин президенттик ант беришин кийинкиге калтырды жана Ющенконун арызын 29-ноябрда карамай болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG